Альпинисттер Курумду чокусуна Түндүк кыр аркылуу татаал маршрутту басып өткөндөн кийин байланышка чыкпай калышкан. Топтун курамында Беларустун эки жана Латвиянын бир жараны бар.

Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун маалыматына ылайык, издөө иштерин жүргүзүү жана аймакка мониторинг жүргүзүү үчүн атайын издөө-куткаруу тобу түзүлдү.

Биз дароо ӨКМге жана ИИМге маалымат бердик. Альпинисттердин арасынан коомдук куткаруу тобу түзүлдү. ӨКМдин мониторингинин жыйынтыгын күтүп жатабыз, издөө жана куткаруу иштерине даярбыз.
Эдуард Кубатов, Мамлекеттик туризмди өнүктүрүү агенттигинин директору

Буга чейин Беларусиянын альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы альпинисттер татаал маршрутту ийгиликтүү басып өткөндөн кийин байланышка чыкпай калганын билдирген.