2026-жылдын 10-ноябрынан 11-ноябрына өткөн түнү, саат 00:42де Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына билдирүү түшкөн. Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан Сандык жайлоосунда 48 жаштагы жигит ат менен бирге баткакка кирип калган.

Бул окуя боюнча кырдаалга Чүй облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын Жайыл районундагы №22 өрткө каршы жана куткаруу бөлүмүнүн беш куткаруучусу жөнөтүлгөн. Оперативдүү иш-аракеттердин натыйжасында адистер жоголуп кеткен адамды табышкан.

Куткаруучулар эркекти коопсуз абалда таап, аны туугандарына тапшырышты.