Бишкек, 30-октябрь. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жаңы Ош базарына барып, курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Иш башкармалыктын маалыматына ылайык, учурда базардагы негизги курулуш иштери толук аяктады. Соодагерлер жана сатып алуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлдү: кышында жылуу, жайында салкын боло турган соода аянтчалары курулду.
«Азыркы учурда сырткы иштер, базарга кирүүчү жолдорду куруу, инженердик тармактарды тартуу жана ага чектеш аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда», — деп айтылат билдирүүдө.
Каныбек Туманбаев калган иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.
Буга чейин президент Садыр Жапаров жаңы Ош базарынын ачылышы 2027-жылдын жазына пландалганын билдирген. Объект бардык сырткы инфраструктуралык иштер толук аяктагандан кийин пайдаланууга берилет.
Жаңы базардын өзгөчөлүктөрү
Жаңы базардын жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Долбоор соода орундары, кампалар, муздаткыч борборлор, спорт залдар, мечит жана медициналык пункттар жайгашкан тогуз эки жана төрт кабаттуу имаратты камтыйт.
Жаңы Ош базары
Эскерте кетсек, жаңы комплекс 2024-жылдын сентябрында курула баштаган. Соодагерлер көчкөндөн кийин эски Ош базары жабылат. Анын аймагында бийлик эс алуу үчүн заманбап жашыл аймак түзүүнү көздөөдө.
Башында жаңы базарды августтун аягында — ШКУ саммитинин алдында ачуу пландалган. Бирок ачылыш адегенде күзгө, андан соң 2027-жылдын жазына жылдырылган.




















