Кыргызстанга 2024-2025-жылдар аралыгында Россиядан жалпы 39 бала кайтарылганы Улуттук кеңештин жыйынында маалымдалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы билдирди.

Аида Исатбек кызынын айтымында, кайтарылган балдардын бир бөлүгү биологиялык ата-энелерине өткөрүлүп берилсе, калгандары опекага алынган же асырап алынган. Алардын баары социалдык жана психологиялык реабилитациядан өтүүдө жана тиешелүү базада каттоодон өтүшөт.

Кайтарылган балдардын саны

212024-жылы кайтарылган балдар
16биологиялык ата-энелерине берилгендер (2024)
5асырап алынгандар (2024)
182025-жылы кайтарылган балдар
14биологиялык ата-энелерине берилгендер (2025)
4асырап алынгандар (2025)

Өкмөт ар жыл сайын мамлекеттик бюджеттен ушул иш-чараларды жүзөгө ашырууга 2 миллион сом бөлүп келет. Бул каражат балдардын реабилитациясы жана колдоосуна жумшалат.