Кыргызстанда пенсия курагындагы мугалимдердин мектептерде иштөөсү менен жаш адистердин жумушка орношуусу боюнча маселе актуалдуу болуп жатат. Бул көйгөй Президенттин Жалал-Абад облусуна болгон сапары учурунда көтөрүлүп, пенсия жашындагы мугалимдер жаштарга орун бошотуп жатпагандыгы тууралуу нааразычылыктар айтылган.
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөндөн кийин айрым аймактарда кадрларды бөлүштүрүү маселеси башталганын белгиледи. Учурда өлкө боюнча мугалимдердин 15,5 пайызы пенсия курагындагы адистерди түзөт.
Педагогдордун саны жана тартыштык
Кадр тартыштыгы өзгөчө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда байкалууда. Негизги жетишпестиктер математика, физика, тарых, орус тили жана информатика предметтери боюнча катталууда.
Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын 2-октябрындагы маалыматына ылайык, 2025/2026-окуу жылында жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын 10 миңден ашык педагог бүтүрөт.












