Ош облусунун Кара-Суу районундагы Беш-Мойнок участогу боюнча электр тармактарынын уюштуруучусу, 31 жаштагы адис пара талап кылган деген шек менен кармалды.

4-августта 29 жаштагы Кара-Суу районуна караштуу тургун УВДга кайрылып, кызматкерден жеке маселесин оң жолго салуу үчүн акча талап кылынганын билдирди.

УВД менен УКМК кызматкерлери чогуу өткөргөн тергөө иштеринин натыйжасында шектүү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган кызматкерге карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген берененин негизинде кылмыш иши козголду. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.