АКШнын Борбор Азияга кызыгуусунун артышы эң оболу ресурстарга байланыштуу. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Sputnik Кыргызстандын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Суроо АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Өзбекстанга сапарына жана «Борбор Азия — АКШ» саммитине катышуусуна байланыштуу болгон.
Захарованын айтымында, АКШнын аймакка болгон кызыгуусу эч качан басаңдаган эмес, бирок аны ишке ашыруу ыкмалары ар кандай америкалык администрацияларда өзгөрүп турган. Ал Москва АКШнын Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон мамилелеринин өнүгүшүн кунт коюп байкай турганын белгиледи.
Захарова кошумчалагандай, Россия Борбор Азия мамлекеттери менен тең укуктуулукка жана өз ара кызыкчылыктарды сыйлоого негизделген достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди колдойт.



















