21-ноябрда Бишкекте OSK Forum 2026 форуму өтөт. Бул иш-чара үй сатып алууну пландап жаткан жарандар, курулуш компаниялары, банктар, юристтер жана курулуш тармагынын эксперттери үчүн түз байланыш ордосу болот.

Форум Dasmia мекемесинин «Хан-Тенир» залында саат 10:00дөн 18:00гө чейин узайт. Уюштуруучулардын максаты — кыймылсыз мүлктү тандоо процессин сатып алуучулар үчүн түшүнүктүү жана ачык кылуу. Катышуучуларга рыноктогу абалдан баштап, юридикалык жана техникалык тобокелдиктерге чейинки бардык маалыматтарды бир күндүн ичинде алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Биз кыймылсыз мүлк рыногун ичинен жакшы билебиз жана сатып алуучуга өз алдынча түшүнүү кыйын болгон жерлерди түшүнөбүз. Ошондуктан форумдун программасы расмий чыгыштар эмес, практикалык маселелердин тегерегинде курулган.
OSK компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Бактияр Касымалиев

Программада эмнелер болот?

  • Бишкек шаарындагы кыймылсыз мүлк рыногу
  • Райондордун жана локациялардын келечеги
  • Ипотека жана бөлүп төлөө шарттары
  • Объекттерди юридикалык текшерүү
  • Курулуштун сапаты жана сейсмотуруктуулук

Иш-чаранын өзүнчө бөлүгү катары EXPO-зона түзүлөт. Ал жерде онго чейинки курулуш компаниялары өз долбоорлору менен тааныштырат. Бул формат катышуучуларга сунуштарды түздөн-түз салыштырууга жана компаниялардын өкүлдөрү менен конкреттүү турак жай комплекстери боюнча суроо берүүгө шарт түзөт.