Өкмөт 2026–2030-жылдарга карата кылмыштуу иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны иштеп чыкты. Анын негизинде көзөмөлдөөчү органдар текшерүүлөрдүн пландарын кайра карап, инспектордук ресурстарды жогорку тобокелдиктеги секторлорго багыттайт.
Кайсы тармактар көзөмөлгө алынат
Өзгөчө көңүл бурула турган тармактардын катарына виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрү, коммерциялык банктар, алмашуу бюролору, ломбарддар, кыймылсыз мүлк сектору жана акча которуу системалары кирди. Бул багыттарда акча адалдоо тобокелдиги жогору деп бааланууда.
Лицензия берүүдө катаал талаптар
Стратегияда лицензия берүү жана субъекттерди каттоо учурунда көзөмөлдү күчөтүү каралган. Көзөмөл органдары бенефициардык ээлерди жана көзөмөлдөөчү жактарды текшерет. Эгерде алардын ишкердик кадыр-баркы талаптарга жооп бербесе, лицензия берүүдөн баш тартуу же аны кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү киргизилет.
Документтен
Кыймылсыз мүлк аркылуу, анын ичинде жасалма адамдарды колдонуу менен акча адалдоо схемаларын аныктоо үчүн нотариустарга жана риэлторлорго атайын типологиялар жана максаттуу текшерүүлөрдүн алгоритмдери иштелип чыгат.
Бул чараны ишке ашыруу мөөнөтү 2027-жылдын биринчи кварталы деп белгиленген. Ошондой эле кардарларды жана бенефициардык ээлерди идентификациялоо талаптары жаңыртылып, шектүү операцияларга көзөмөл күчөтүлөт. Финансылык жана финансылык эмес уюмдар ички жол-жоболорун улуттук эрежелерге ылайыкташтырышы керек болот.
Бул демилге Кыргызстандын каржы тутумунун ачыктыгын жогорулатууга жана эл аралык стандарттарга шайкештикти камсыздоого багытталган. Өзгөчө көңүл анонимдүү схемаларды аныктоого бурулуп, кыймылсыз мүлк менен финансылык операциялардагы көмүскө аракеттерге бөгөт коюу пландалууда.











