Бишкектеги «Ырыс Ордо» комплексинде кыргыздын улуттук нарк-насилин, аялзатынын сулуулугун жана акылмандыгын даңазалаган «Ак-Мөөр Fest» фестивалы шаңдуу өттү. Дана Абдыбекованын демилгеси менен уюштурулган бул саамалык быйыл өзгөчө мааниге ээ болду, анткени фестиваль алтынчы ирет өтүп, долбоордун беш жылдык мааракеси белгиленди.
Бул иш-чара жөн гана майрамдык кече эмес, кыргыз аялзатынын кадыр-баркын көтөрүүгө, анын эмгегин, ишкердигин жана чыгармачылыгын көрсөтүүгө багытталган өзгөчө аянтча болуп саналат. Фестивалдын негизги максаты — элибиздин кылымдар бою сакталып келген баалуулуктарын сактоо жана заманбап коомдогу ийгиликтүү айымдардын үлгүсүн жайылтуу.
Фестивалдын аталышы да терең мааниге ээ. Кыргыз тарыхында сулуулуктун жана назиктиктин символу катары таанылган Ак-Мөөр образы долбоордун идеясы менен тыгыз байланышта. Бул аркылуу тарыхый эс тутумду жана маданий мурасты эске алууга аракет кылынат.
Дана Абдыбекованын бул долбоорду өнүктүрүүдөгү аракети бир күндүк иш-чара менен чектелбейт. Анын демилгеси менен буга чейин кыргыз маданиятын жана каада-салтын даңазалаган бир катар фестивалдар өткөрүлүп келген. Мисалы, 2019-жылы Соң-Көл өрөөнүндө өткөн фестиваль алгачкы ийгиликтүү кадамдардын бири болгон.













