Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 29-августтан 6-сентябрга чейин өлкө аймагында кызматтык режимди күчөтүүнү жарыялады. Ал аракеттер мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Ички иштер органдары кызматкерлери аталган мөөнөттө өз кызматын күчөштүрүлгөн режимде аткарып, өзгөчө көңүлдү коомдук тартипти сактоого, унаа кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана мүмкүн болгон укук бузууларга жол бербөөгө бурат.
Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында айрым жолдордо убактылуу унаа кыймылы чектелет же белгилүү убакыттардагы кыймыл токтотулат. Бул чаралар жол жүрүү коопсуздугун жогорулатууга жана элдин коопсуздугун коргоого багытталган.

















