Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (МЧС) 2026-жылга Чу дарыясынын боюн бекемдөө иштерин ишке ашырууну пландаган. Бул иштер 9 участокто, жалпы узундугу 7220 метрге жетет.

Министр Канатбек Чыныбаев Сокулук жана Аламудун райондорундагы иштердин жүрүшүн текшерип, сапаты менен ылдамдыгын байкап, бардык талаптарга жооп берүү менен мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды.

Башында быйыл 4 участокко 1720 метр аралыкта жумуштар пландалган. Андан кийин президенттин тапшырмасы менен дагы 5 участок кошулуп, алардын узундугу 5500 метрди түзгөн.

Азырынча баштапкы 4 участокто иштер толугу менен бүткөрүлүп, калган 5 участокто жумуштар ийгиликтүү уланууда.

Чу дарыясынын боюн бекемдөө иштеринин параметрлери

9участок