Массачусетс технологиялык институтунун нейробиологдору адамдын мээсиндеги тилдик система жана абстракттуу ой жүгүртүү механизмдери бири-биринен өз алдынча иштеп жатканын аныкташты. Бул ачылыш логикалык ой жүгүртүү үчүн сүйлөө жөндөмү милдеттүү эмес деген тыянакка алып келди.
Изилдөөлөрдө оор сүйлөө бузулуулары бар инсультка кабылган эки пациент катышты. Алар тилди колдонууну талап кылбаган тапшырмаларды, мисалы, сандардын топтомундагы жашыруун эрежелерди табуу же ырааттуулуктагы жетишпеген элементтерди аныктоо сыяктуу логикалык маселелерди чечишти. Бул пациенттердин көрсөткүчтөрү ден соолугу чың катышуучулардын көрсөткүчтөрүнөн кем калышкан жок.
Функционалдык магниттик-резонанстык томография (фМРТ) аркылуу жүргүзүлгөн байкоолор логикалык ой жүгүртүү учурунда мээнин тилдик борборлору активдешпей турганын көрсөттү. Тескерисинче, бул үчүн мээнин башка системалары жооптуу экени тастыкталды.
Окумуштуулар кылымдар бою ой жүгүртүү менен тил түздөн-түз байланыштабы же биз ойлогондо сөздөрдү колдонобузбу деген суроо боюнча талашып келишет. Абстракттуу идеялар, сүйлөмдөр сыяктуу эле, бөлүктөргө бөлүнүп, татаалыраак структураларга бириктирилиши мүмкүн экени айкын көрүнгөн.
Бирок, изилдөөчүлөр белгилегендей, логикалык ой жүгүртүү чоң тактыкты жана бир эле учурда ар кандай маалымат элементтерин эске алуу жөндөмүн талап кылат, ал эми тил ырааттуу түрдө – сөз артынан сөз менен өнүгөт. Демек, адам ойлорду калыптандыруу жана жыйынтыктарды түшүндүрүү үчүн сүйлөөнү колдонсо да, логикалык ой жүгүртүү процесси мээнин тилдик борборлоруна байланышпаган өзүнчө системада жүрөт.




