Үзгөн шаарындагы «Тазалык» муниципалдык ишканасы жаңы техника менен толукталды. Бул жаңыланган техника шаардын санитардык абалын жакшыртууга жана таштандыларды өз убагында чыгарууга багытталган.

Мэриянын маалыматы боюнча, ишкананын материалдык-техникалык базасына «Shacman 240» маркасындагы таштанды ташуучу унаа жана көчөлөрдү механикалык тазалоо үчүн атайын электрдик тазалоочу машина кошулду.

Жаңы техниканын колдонулушу шаардын аймагындагы тиричилик таштандыларын өз убагында чогултууну, көчөлөрдүн тазалыгын сактоону жана санитардык абалды көтөрүүнү камсыз кылат.