Табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Кыргыз геологиялык кызматы Ош облусундагы Курушаб участогунун жер кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукцион жарыялап жатат. Бул жерде курулуш кумусун алуу үчүн геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө лицензия берилет.
Жарыяланган маалыматка ылайык, аталган участок Ош облусунун Узген районунда жайгашкан. Бул аймак мурда изилденбегендиктен, ал жерде алгач геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүү талап кылынат.
5362 доллар баштапкы баа
Аукциондун баштапкы баасы 5362 долларды түзөт.
Аукцион 2026-жылдын 29-декабрында Узген районунун мамлекеттик администрациясынын имаратында, Узген шаарында өтөт.










