Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына (ЖКККББ) бир жаран "Түндүк" мобилдик тиркемесинде төлөнгөн айып пулдардын чагылдырылышы боюнча кайрылган.

Кайрылууну карап жаткан учурда, ЖКККББ кызматкерлери бул жаран мурда соттун чечими менен транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылганын аныкташкан.

Буга карабастан, ал унаа айдоону уланта берген. Текшерүүнүн жүрүшүндө, айдоо укугунан ажыратылган учурда транспорт каражатын башкаруунун эки фактысы аныкталган.

Жаран кайрылуусун кароо үчүн ЖКККББ бөлүмүнө чакырылып, ал жакка унаасы менен келген.

Соттун чечими күчүнө киргенден кийин, мыйзам талап кылгандай, айдоочулук күбөлүк Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна тапшырылган эмес.

Аныкталган фактылар боюнча жаранга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн. Жалпы айып пулдун суммасы 70 миң сомду түздү.

Унаа айып короого киргизилип, айдоочулук күбөлүгү алынган.