АКШ жогорку даражалуу аткаминерлеринин Украина жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин, Киев КТК инфраструктурасына жана Россияга байланышы жок танкерлерге кол салбоого милдеттенди. Бул тууралуу америкалык аткаминерге шилтеме берип "Bloomberg" жазып чыкты.
Маалыматтарга ылайык, бул макулдашуу АКШ администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен Украинанын жетекчилигинин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилген. Сүйлөшүүлөр Новороссийск шаарына жакын жердеги Каспий куур консорциумунун (КТК) деңиз терминалынын аймагында кемелерге жасалган бир катар кол салуулардан кийин болду.
"Bloomberg" билдиргендей, Украина КТКнын инфраструктурасына жана терминалга багыт алган кемелерге, эгерде алар Украинанын санкцияларында болбосо, орус жүгүн ташыбаса жана россиялык жеке же юридикалык жактарга таандык болбосо, кол салбоого милдеттенди. Ошондой эле, коммерциялык кемечилик компаниялары Кара деңиз аркылуу коопсуз өтүү тууралуу маалыматтарды алмашуу үчүн атайын байланыш пункттарын түзүшкөнү айтылат.














