Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерреш Кара деңиз дан демилгеси боюнча келишимдердин Россиянын кызыкчылыктарын камсыз кылуу бөлүгүн ишке ашыра алган жок деп айтты.

«Коммерсант» газетасы үчүн жазган макаласында министр бул макулдашуу БУУнун Башкы катчысынын координациялоочу ролу менен түзүлгөнүн, бирок келишимдин Россия тарабындагы шарттары аткарылбай калганын белгиледи.

Лавровдун маалыматы боюнча, Батыштын айрым өкүлдөрү Кара деңиздеги кырдаалды талкуулоодо украин данын экспорттоону камсыз кылуу талаптарына гана басым жасап жатышат.

Буга чейинки билдирүүлөрүндө Лавров Украина бул келишимдерди ашыкча пайдалангандыгын жана Россияга берилген убадалар аткарылбагандыгы үчүн Москва аталган демилгеден чыга экенин айткан.