Нарын районунун Куланак айылында жаңы айылдык милиция бөлүмчөсү расмий түрдө ишке кирди. Бул курулуш айылдагы коопсуздукту жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

Ачылыш аземине Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жолболду Кочконов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.

Жаңы имарат эки кабаттуу болуп, заманбап талаптарга ылайык долбоорлонуп, курулуп бүтүрүлгөн. Имараттын ичинде милиция кызматкерлеринин кызматтык иштерин жүргүзүүсү жана жашоосу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн.

Бөлүмчөнүн негизги милдеттери — айылдагы коомдук тартипти сактоо, тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү.