Уч-Курган ГЭСинде масштабдуу жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул иштер 2024-жылы башталган жана 2026-жылдын аягында аяктары күтүлүүдө.

Азыркы учурда 1- жана 2-гидроагрегаттар заманбап жабдуулар менен алмаштырылууда. Ал эми 3- жана 4-гидроагрегаттардын модернизациясы ийгиликтүү аяктап, алардын кубаттуулугу ар бири 9 МВтка көбөйгөн.

Бардык жаңыртуу иштеринен соң Уч-Курган ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 198 МВттан 216 МВтка чейин өскөнү маалым болду. Бул ГЭСтин иштөө көрсөткүчтөрүн жакшыртып, жабдуулардын иштөө мөөнөтүн узартат.

Уч-Курган гидроэлектростанциясы Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары ишке берилген жана бүгүнкү күнгө чейин биринчи жолу мындай ири реконструкцияга туш болууда.

"Бардык төрт гидроагрегаттын модернизациясы станциянын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат, эски жабдуулар алмаштырылып, эксплуатация мөөнөтү узартылат", - деп баса белгилешти Кыргызстандын Энергетика министрлигинен.
Кыргызстандын Энергетика министрлиги