Энергетика министри Алтынбек Рысбеков 19-октябрь күнү Жогорку Кеңештин өнөр жайлык саясат, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында бул тууралуу маалымат берген. Анын айтымыша, Эч-Курган ГЭС-нин кубаттуулугу эки гидроагрегатты алмаштыруудан кийин 2026-жылдын декабрына чейин 216 МВтга чейин жогорулайт.