Ысык-Көл облусунун Түп районунда полиция мыйзамсыз нарколабораториянын ишин токтотту. Бул тууралуу Nomad маалымдайт.
Операция учурунда уюштуруучу, эки өндүрүүчү жана ташуучу кармалып, 51 килограммдан ашык баңги заттар — гашиш, гашиш майы жана марихуана — алынды.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.



