2026-жылдын 23-ноябрынан 26-ноябрына чейин өтө турган бул форум эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү боюнча тажрыйба алмашууга багытталган. Иш-чарага 20ден ашык чет мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышыуда.

Тынчтык Шайназаров форумдун алкагында «Кыргыз Республикасындагы заманбап шайлоо технологиялары: жеткиликтүүлүк, ачык-айкындуулук жана ишеним» деген темада доклад менен чыгат. Ал шайлоолордун ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин бекемдөө максатында киргизилген технологиялар тууралуу тажрыйбаны сунуштайт.

Түркиянын шайлоо кеңешинин төрагасы менен жолугушуу

Ранее по темеКыргызстанда президентке талапкерлерди колдоо үчүн кол жыйноо: процедура жана учурдагы көрсөткүчтөр

24-ноябрьюнда Тынчтык Шайназаров Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Сердар Мутта менен жолугушту. Шайназаров Сердар Муттаны кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Тараптар эки элдин ортосундагы достук мамилелерди баса белгилеп, шайлоолорду уюштуруу чөйрөсүндө кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан тышкары, Шайназаров Сердар Муттаны жана түрк тарапты 2027-жылдын 27-январында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосуна эл аралык байкаак катары катышууга чакырды.

Өз кезегинде доктор Сердар Мутта Кыргыз Республикасына барууга жана алдыдагы шайлоолорго катышууга даяр экенин билдирди.