Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө кыргызстандыктарды жумушка алуу деген жарга салуу схемасы активдүү иштеп жатат. Алдамчылар жогорку эмгек акы, акысыз авиабилеттер жана жашоо үчүн шарттарды убада кылышат. Бирок мекендештер чет өлкөгө барып калгандан кийин паспортунан ажыратылып, эркиндиги чектөөгө алынып, интернет-алдамчылык менен алектенүүгө мажбурланууда. Бул кырдаал кыргызстандыктардын скам-борборлор деп аталган жерлерге түшүп калышына алып келүүдө.

Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин консулу Токтоболот Жумалиев бул маселенин курчтугун белгилеп, бул жөн гана кокустан болгон окуя эмес, ондогон өлкөлөрдүн жарандарын камтыган транснационалдык көйгөй экенин айтты. Анын айтымында, Түштүк-Чыгыш Азияда онлайн-алдамчылык, акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү жана адам соодасы менен алектенген ири уюшкан кылмыштуу тармактар иштейт.

Бул маселе ондогон өлкөлөрдүн жарандарын камтыган транснационалдык көйгөй.
Токтоболот Жумалиев, Малайзиядагы КР элчилигинин консулу

Кыргызстан үчүн бул маселе өзгөчө актуалдуу, себеби жарандарыбыз Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө эмгек мигранттары катары көп кетишет. Көп учурда адамдар Таиландга байланыштуу жумуш издөө жарыяларына ишенип чыгышат, бирок андан кийин Мьянманын куралдуу топтор көзөмөлдөгөн лагерлерге жеткирилип калышат.

Мьянмадагы лагерлерден кайтарылган жарандар

12кыргызстандыктын эвакуациясы
2025жылы