Жаңы документ камсыздандыруу пулу жөнүндө жаңы жобону, ошондой эле анын кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык талаптарды бекитүүнү караштырат. Камсыздандыруу пулу — бул тобокелдиктерди бөлүштүрүүнү жана камсыздандылган турак жайлардын ээлеринин алдындагы милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылган камсыздандыруу уюмдарынын бирикмеси. Ал коммерциялык эмес уюм түрүндө иштейт.

Долбоорго ылайык, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу менен алектенүүгө укугу бар камсыздандыруу компаниялары камсыздандыруу пулуна кирүүгө тийиш. Бул үчүн алардын иштеп жаткан лицензиясы болушу, финансылык туруктуулугу жана төлөө жөндөмдүүлүгү талап кылынган шарттарга жооп бериши керек. Ошондой эле алар бирдиктүү маалыматтык система менен иштөө үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу зарыл.

Камсыздандыруу келишимдерин тариздөө жана эсепке алуу боюнча бирдиктүү тартипти белгилөө сунушталууда. Жаңы маалыматтык система аркылуу төмөнкү маалыматтар катталат:

  • камсыздандыруу полистери
  • өрт жана табигый кырсыктар жөнүндө билдирүүлөр
  • компенсация алуу үчүн арыздар
  • жүргүзүлгөн төлөмдөр
  • чыгымдарды төлөөдөн баш тартуулар

Мындан тышкары, камсыздандыруу уюмдары жарандардын арыздарын өз убагында карап, мыйзамдарга ылайык төлөмдөр боюнча чечим чыгарууга милдеттүү болот. Долбоор тобокелдиктерди кайра камсыздандырууну уюштурууну да камтыйт, бул финансылык жоопкерчиликти бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.