Кыргызстандын Транспорт министрлиги Балыкчы — Боконбаево — Каракол автожолунун жаңыланган көрүнүшүн камтыган видео жарыялады.
Бул долбоордо жалпы 141 чакырым жол реконструкциялоого алынган. Анын ичинде биринчи этапта 0-чакырымдан 25-чакырымга чейинки участок толугу менен бүткөрүлүп, пайдалануучу жакка тапшырылды.
Жол төрт тилкелүү магистраль форматында, аралыкты бөлүүчү тосмо менен курулуп жатат. Бул жолдогу негизги курулуш иштеринин көпчүлүгү аяктап калган.
Жолду оңдоо жана жаңылоо иштерин 2021-жылы башташкан жана азыркы учурда Иссык-Көлдүн түштүк жээги боюнча жол активдүү түрдө жаңыртылууда.









