Президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо процесси учурунда «Түндүк» тиркемесинде күтүлбөгөн окуя болду. Колдонуучулар системанын тиешелүү бөлүмүндө Айбек Солпиев деген адамдын маалыматтарын байкашкан. Бул адам мамлекет башчылыгына расмий түрдө талапкер катары катталган эмес.}}{"type":"paragraph","data":{"text":"«Кызмат» мамлекеттик мекемеси бул инцидентдин себебин түшүндүрүп берди. Алардын айтымында, системанын коопсуздугун текшерүүдө колдонулган тесттик маалыматтар техникалык катадан улам адистерге гана эмес, тиркемени колдонуп жаткан бардык жарандарга убактылуу көрүнүп калган."}},{

Учурда адистер катаны толугу менен жоюп, тиешелүү текшерүүлөрдү жүргүзүштү. Система туруктуу иштеп жатат жана кол топтоо иштери кадимки тартипте уланууда.

Ранее по теме«Түндүк» аркылуу кол тамга чогултуу шайлоонун жыйынтыгын өзгөртпөйт: БШК түшүндүрмө берди