«Тундук» мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында жарандардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жаңы функция киргизилди. Бул сервис аркылуу колдонуучулар өз маалыматтарын кайсы мамлекеттик органдар же уюмдар сураганын, ошондой эле суроо-талаптын максатын тактай алышат.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Президенттин башкармалыгынын киберкоопсуздук жана электрондук кол коюу бөлүмүнүн башчысы Жанара Кулманбетова бул жаңылык тууралуу маалымдады.

Кандай маалыматтар көрүнөт?

Жарандар тиркемедеги «Суроо-талаптардын тарыхы» бөлүмүнөн же порталдагы «Жеке маалыматтарды колдонууну мониторингдөө» бөлүмүнөн маалымат ала алышат. Система маалыматтардын өзүн эмес, аларды иштетүү боюнча метамаалыматтарды гана көрсөтөт.

  • Суроо-талап берилген күн жана убакыт
  • Ведомствонун же уюмдун аталышы
  • Суроо-талаптын максаты
  • Кайрылуунун укуктук негизи

Маанилүү жагдай: системада жеке маалыматтардын өзү сакталбайт, болгону аларды иштетүү процесси тууралуу маалыматтар гана берилет. Маалыматтар күн сайын жаңыланып турат.

Документтен

Мамлекеттик органдар өзүнө жүктөлгөн функцияларды жана коомдук милдеттерди аткаруу үчүн мыйзамдуу негиздерде жеке маалыматтарды иштете алышат.
КР Санариптик кодексинин 79-беренеси

Коммерциялык уюмдар үчүн жеке маалыматтарды колдонуу жаран менен түзүлгөн келишимге же анын макулдугуна гана негизделиши керек.