Fox News телеканалына берген маегинде АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы аскердик операцияга кеткен 30 миллиард доллар чыгымды "майда-чүйдө" деп мүнөздөдү. Ал бул сумма өлкө бюджети үчүн олуттуу эмес экенин белгиледи.
Июнь айынын аягында Ак үйдүн административдик-бюджеттик башкармалыгынын жетекчиси Рассел Воут конгресстеги угууларда АКШнын Иранга каршы согуштук операциясына болжол менен 30 миллиард доллар коротулганын маалымдаган.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагына сокку ура баштаган. Тегеран буга жооп катары чабуулдарды уюштурган. Июнь айынын ортосунда тараптар аскердик аракеттерди токтотуу боюнча меморандумга кол коюшкан, бирок кийинчерээк кайрадан сокку алмашышкан. Жаңжал дагы эле чечиле элек.





















