Америка Кошмо Штаттары аймактагы бир катар мамлекеттерге Иранга каршы жаңы аскердик операция болушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу The Wall Street Journal гезити сүйлөшүүлөрдөн кабары бар булактарга таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, эскертүүлөр дипломатиялык жана аскердик каналдар аркылуу берилген. Кайсы өлкөлөр так эскертүү алганы айтылбайт.
АКШ президенти Дональд Трамп азырынча акыркы чечим кабыл ала элек, бирок шайлоодон кийин кеңири масштабдуу сокку урууга ыктап жатат. Анын бутасына Ирандын ядролук объектилери жана энергетикалык инфраструктурасы кириши мүмкүн.
Басылманын маалыматы боюнча, АКШ менен Израиль Иранды алсыратуу жана аны сүйлөшүүгө кайтаруу үчүн масштабдуу согуштук аракеттерди кайра баштоого даярданып жатышат.
Аймакта аскердик күчтөр топтолуп жатат. АКШ Patriot абадан коргонуу системаларын кошумча жиберип, ок-дарылардын запасын толуктап, аскер кызматкерлерин эң аялуу базалардан көчүрүп жатат. Кийинки айда Жакынкы Чыгыштагы 20 аскер кемесинен турган топко дагы бир авиаташуучу сокку уруучу топ жана деңиз жөө аскерлери кошулат.
Ак үйдөн мүмкүн болгон аскердик пландар боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Анда Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө үчүн бардык варианттарды сактап жатканы айтылды.
Буга чейинки кагылышуулар
Эске салсак, 28-февралда Израиль менен АКШ Ирандын шаарларына жана аскердик объектилерине көптөгөн аба жана ракеталык соккуларды ура баштаган. Тегеран жооп катары Израилге жана Жакынкы Чыгыштын бир нече өлкөсүндөгү америкалык аскердик базаларга чабуул койгон. Алгачкы сааттарда ирандык жогорку даражалуу аткаминерлер жана аскерлер курман болгон.
Июнь айында тараптар согуштук аракеттерди токтотуу боюнча меморандумга кол коюшкан. Бирок Ормуз кысыгын жаап салган Тегеран сүйлөшүүлөр ийгиликсиз аяктаганын билдирген. АКШ менен Иран бири-бирине кабыл алынгыс шарттарды коюп жатышат.



























