Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Мамлекеттик физикалык маданият жана спорт агентствасына жана ага баш ийген спорт уюмдарына 21 кызматтык автоунаанын ачкычтарын тапшырды.

Министрлер Кабинетинин билдирүүсүнө ылайык, жаңы унаалар жергиликтүү өндүрүштү колдоо максатында «Тулпар Моторс» атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук компаниясынан сатып алынган.

Улан Маматканов жаңы унаалар агентстванын жана ага баш ийген мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ошондой эле, бул чаралар региондордогу спорт мекемелеринин ишин ыкчам уюштурууну, жергиликтүү деңгээлдеги координацияны жакшыртууну жана спорт инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү көздөйт.