Тон районунун акими Бактыбек Осмонов жергиликтүү тургундар менен түздөн-түз байланышты кантип кармап турарын айтып берди. Ал ар бир айылдын WhatsApp-тобунда бар экенин билдирген.

Осмоновдун айтымында, бул ыкма аркылуу ал жашоочулардан кайрылууларды түз алып, келип чыккан маселелерге оперативдүү чара көрө алат.

Менин телефонум суткасына 24 саат иштейт. Баарына айтып жатам: каалаган убакта чалыңыздар, мен маселени чечем.
Бактыбек Осмонов, Тон районунун акими

Акимдин айтымында, мурда калк менен баарлашуу үчүн айылдарга барууга туура келсе, азыр айрым маселелерди мессенджер аркылуу чечүүгө болот.