МВДнин маалыматы боюнча, «Мыйзамбек» жасалма интеллекттин негизинде иштейт. Ал жарандардан келип түшкөн кайрылууларды кабыл алып, аларды мазмунуна жараша тиешелүү башкармалыктарга багыттайт.

Мисалы, кайрылуу кылмыш издерине тиешелүү болсо, ал Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына, ал эми ички иликтөөлөргө тиешелүү маселелер — Ички иликтөө кызматына жөнөтүлөт.

Бардык кайрылгандарга коопсуздук кепилденет.
ИИМ билдирүүсүнөн

Учурда «Мыйзамбек» сыноо режиминде иштеп жатат. Ал аркылуу жарандар укук бузуулар тууралуу тез арада маалымат бере алышат.