Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов Өзгөн районунун бир нече айылдарга барып, жергиликтүү калк менен түз жолугушууларды өткөрдү. Бул иш-чаралардын алкагында депутат айыл тургундарынын актуалдуу көйгөйлөрү менен таанышты.
Эркин-Тоо
маалыматы боюнча, жолугушуулар Баш-Дөбө айыл аймагындагы Кашка-Терек айылында, Ийри-Суу айыл аймагындагы Чангет жана Жийде айылдарында, ошондой эле Төрт-Көл айыл аймагындагы Жылалды айылында уюштурулган.
Тургундар жолугушуу учурунда маанилүү маселелерди көтөрүштү. Алардын арасында билим берүү системасын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана айылдардагы инфраструктураны жакшыртуу сыяктуу маселелер бар.
Депутат айтылган маселелердин көбүнүн тууралуу кабардар экенин белгилеп, аларды чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иш алып барарын билдирди.











