8-ноябрды күнү саат 20:00дө Ысык-Көл районундагы Чон-Оруктуу айылынын чыгышында жол кырсыгы катталды. Орто-Оруктуу айылына жетпей жатып, жеңил автоунаа жол боюндагы атты кагып кеткен.
Turmush маалыматына шилтеме берген күбөлөрдүн айтымында, кырсыктын кесепетинен унаадагы адамдардын абалы жакшы. Алар эч кандай зыян көргөн жок.
Учурда кырсыктын так себептери жана кененирээк жагдайлары такталууда.







