19-ноябрдан баштап муниципалдык кызматтын экологии адиси белгиленбеген жерге үй-бүлөлүк таштандыларды жана башка буюмдарды таштаган учурду аныктаган. Бул окуя боюнча М.О.Д. аттуу жаранга карата тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, аталган жаранга карата протокол түзүлүп, айып пул белгиленген.

5 500 сом айып пул

таштандыны белгиленбеген жерге таштаган жаранга берилген жаза

Шаардык мэрия жарандарды тазалыкты сактоого жана таштандыларды болгону атайын белгиленген жерлерге гана таштаганга чакырат.