Талас облусунун Бакай-Ата районунда страйкбол клубунун ишмердүүлүгү текшерилди. Талас облусунун ИИБнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө таянса, Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмү тарабынан атылгыч куралдардын окшош жасалмалары жана чектелген зыян келтирүүчү куралдарды көзөмөлдөө боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда клубда колдонулуп жаткан атылгыч куралдардын окшош жасалмаларынын абалы жана аларды сактоо шарттары каралды. Ошондой эле, оюнчулардын коопсуздугу үчүн клубдун ичинде тийиштүү шарттардын бар экендиги текшерилди.

  • Оюн учурунда көздү жана бетти коргоо талаптары боюнча плакаттар жайгаштырылды
  • Оюн эрежелерин сактоо жана жаракат алган учурда аракеттер тартиби көрсөтүлдү
  • Клубдун ээлерине жана катышуучуларына мыйзам талаптарын так сактоо боюнча эскертүү берилди

Мындан тышкары, кызматкерлер райондун тургундарынын арасында коомдук жайларда окшош жасалма куралдарды, газдык, пневматикалык жана сигналдык куралдарды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо жана колдонуунун кесепеттери тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Тургундарга мындай буюмдарды колдонуу менен башка адамдарды коркутуунун, коомдук тартипти бузуунун жана паника жаратуунун жол берилбестиги, ошондой эле мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик бар экендиги эскертилди.