2026-жылдын 3-июлунда Тамчы айылында СФИТ «Тамчы» атайын каржылык-инвестициялык зона ачылды. Иш-чарага өлкө президенти Садыр Жапаров катышып, алгачкы беш эл аралык инвестордун өкүлдөрүнө сертификат тапшырды.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков бул долбоорду өлкөдөгү ири инвестициялык демилгелердин бири деп сыпаттады. Ал жакынкы жылдарда аймакка 20 миллиард доллар инвестиция тартуу пландалып жатканын билдирди.

Сыдыковдун айтымында, 2031-жылга чейин СФИТ «Тамчы» аймагында 10 миңге жакын жаңы жумушчу орун түзүлүп, алардын көпчүлүгү кыргызстандыктар үчүн берилет.

СФИТ инвестициялык платформа болуп саналат жана жаңычыл технологияларды киргизүү, ишкердикти өнүктүрүү, эл аралык инвестицияларды тартуу максатында түзүлгөн. Бул аймакта компаниялардын операциялык жана жөнгө салуу чыгымдары башка эл аралык каржылык зоналарга салыштырмалуу 60%га чейин азаяары күтүлүүдө.

СФИТ «Тамчы» Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлунда кабыл алынган №136 мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Болжол боюнча 2035-жылга чейин бул жерде 3900гө жакын компания жайгашып, 10 миңден ашуун жумуш орун түзүлөрү пландалууда.