Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын 2021-2026-жылдар аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгы, ишке ашырылган долбоорлор жана келечектеги өнүгүү пландары менен таанышты.

Таш-Көмүр шаарынын өнүгүшү боюнча маалыматтар

Мамлекет башчысына маалымдалгандай, 2021–2026-жылдар аралыгында Таш-Көмүр шаарында 3 975 орунга ылайыкталган «Шахтёр» борбордук стадиону реконструкцияланган. Шаардын спорттук жана маданий инфраструктурасы жаңы жана жакшыртылган объектилер менен камсыздалган. Алардын арасында шаардын түндүк бөлүгүндөгү бокс залы, балдардын искусство мектебинин жаңы имараты жана А. Пушкин атындагы № 9 мектептин спорт залы камтылган.