Кыргызстанда айрым пенсионерлер 130 миң сомдон ашык пенсия алышат. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук жана маалымат менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Женишбек Мукамбетов «Кабар» каналындагы эфирде билдирди.
Алган пенсиясы жогору болгон пенсионерлердин саны аз болуп, алардын эмгек стажы көп болгонуна байланыштуу пенсиясы жогору. Пенсияны эсептөө милдети эмгек учурунда кошкон төгүмдөргө негизделет.
Мукамбетовдун айтымында, пенсиянын өсүшүндө жогорку чек бар. Маселен, 130 миң сомдук пенсиянын 20 пайыздык өсүүү 26 миң сомду түзөт, бирок президенттин жарлыгына ылайык өсүү максималдуу 10 миң сомду гана түзүшү керек.
Бул чектөө октябрь айында пенсияга кошулган сумманын өлчөмүнө тиешелүү.















