Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Чүй облусунда жайгашкан «Чункурчак» тоо чабуу базасында рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Бул иш-чаралардын негизги максаты — базанын 2026-2027-жылдардагы кышкы туристтик сезонуна даярдыгын баалоо, ошондой эле эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө болуп саналат.

Рейд учурунда канаттуу жолдордун техникалык абалы, колдонулуп жаткан жабдыктардын коопсуздугу жана алардын белгиленген талаптарга шайкештиги текшерилет. Мындан тышкары, өнөр жай коопсуздугунун ченемдеринин сакталышына өзгөчө көңүл бурулууда.

Адистер мүмкүн болгон авариялык кырдаалдардын алдын алууга, техникалык мүчүлүштүктөрдү өз убагында аныктоого жана туристтер үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө басым жасашууда. Мындай текшерүүлөр жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, ошондой эле туристтик объекттердин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн өткөрүлүп жатат.