Чолпон-Ата шаарында 14-15-июль күндөрү эки күн бою саламаттык сактоо тармагындагы кырсык кырдаалдарга жооп берүү боюнча межведомстволук симуляциялык машыгуулар өткөрүлдү. Бул иш-чара VI Кочевниктердин Дүйнөлүк Оюндарына даярдыктын алкагында уюштурулду.
Машыгууларга саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү, башка мамлекеттик мекемелер жана өнөктөш уюмдар катышып, чыныгы кырдаалга жакын сценарийде иш-аракеттерди сынашты. Алар инфекциянын жарылышы боюнча кырдаалды аныктоо, өз ара координациялоо, эпидемияга каршы чараларды көрүү, медициналык жардам көрсөтүү, лабораториялык анализ жана кризистик коммуникация боюнча иш алып барышты.
Практикалык тапшырмалар Кырчын өрөөнүндө жана Ысык-Көл районунун инфекциялык бөлүмүндө өткөрүлдү. Машыгуу кийин адистер катышуучулардын аракеттерин талдап, системанын күчтүү жактарын жана өркүндөтүүнү талап кылган багыттарды аныкташты.


















