Бишкек шаарында айдоочулардын тротуарларды жол катары колдонгон учурлары көбөйүүдө. Бул көйгөйгө шаардын тургундары социалдык тармактарда нааразылыгын билдирип жатышат.
Жарандардын айтымында, шаар бийлиги электросамокаттар жана велосипеддер үчүн тротуардын бир бөлүгүн бөлүп бергенден кийин мопеддер жана азыр болсо унаалар тротуарларды колдонуп жүрүшөт. Мындай абалда айрым жерлерде тротуарлардын айрым бөлүктөрү унаалар менен толуп, коляска менен өтүү да кыйын болуп жатат.
Адамдар бул көйгөйлөрдүн себеби катары айдоочулардын жазаланбай жүрүүсүн, муниципалитеттин негизинен унаа ээлерине шарт түзүүчү чечимдерин жана бийликтин жоопкерчиликти жарандардын өзүнө коюп жатышын белгилешет.
Шаардыктардын көпчүлүгү бийлик жана Көчө патрулдук кызматынан шаар көчөлөрүндө тартип орнотууну жана тротуарлардагы жүрүш эрежелерин сактоону талап кылууда.











