Кыргызстандын Мамлекеттик жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография агенттиги жер амнистиясы боюнча жарандардын менчигин бекемдөө боюнча иштерди жыйынтыктоо жөнүндө президенттин 2025-жылдын 15-декабрындагы №364 жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылат.
Бул долбоор коомдук талкууга коюлган жана жер мыйзамдарын жөнгө салуу жөнүндө 2026-жылдын 14-июлунда кабыл алынган №111 мыйзамындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу.
Өзгөрүүлөрдүн алкагында жарлыктын эки беренеси күчүн жоготуусу сунушталууда. Алардын бири – шаардык мэриялар менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын комиссияларынын жер амнистиясына тиешелүү кээ бир объектилерди караган иштерин 2026-жылдын 15-декабрына чейин токтотуу талабын алып салуу.
Ошондой эле, хаоттук курулуш жайгашкан жер тилкелеринен турган топторго тиешелүү жер амнистиясына кирген объектилер боюнча норма жарлыктан алынып салынууга тийиш.
Агенттиктин маалыматы боюнча, бул нормалардын кереги жокко чыгып, учурдагы мыйзамдарда жер амнистиясы объекти катары 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн хаоттук курулуш жайгашкан топтордогу, турак жайлар менен бүтө элек курулуштар жайгашкан жер тилкелер, ошондой эле 2025-жылдын 1-июлуна чейин жарандар тарабынан берилген арыздар бар курулушсуз жер тилкелер так көрсөтүлгөн.








