Кырсык 5-ноябрда кечки саат 23:00 чамасында Анкара жана Жукеева-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, тез жардам унаасы Жукеева-Пудовкин көчөсү менен түндүк багытта бара жатып, Анкара көчөсү менен кесилиште Toyota Camry унаасы менен катуу кагышкан.

Катуу соккудан улам Toyota Camry инерция менен Honda Inspire жана Volkswagen унааларына урунган. Ошондой эле KIA унаасы да кырсыкка кабылган. УПСМ билдиргендей, бардыгы болуп беш унаа жана тез жардам унаасы катышкан.

Кырсыктын кесепетинен үч адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы тууралуу так маалымат жок.

Бардык жабыркаган унаалар айып короого токтотулган. Кырсыктын себебин тактоо үчүн керектүү соттук экспертизалар дайындалган.

Кырсыктын сандары

5жеңил унаа
1тез жардам унаасы
3жабыркаган адам