Табият, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде аңчылык чарбасын өнүктүрүү багытында кеңири жыйын болуп өттү.

Жыйынга министрликтин аймактык башкармалыктарынын, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын, Ветеринардык кызматтын өкүлдөрү жана Республикалык карантиндик жана өтө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери катышты.

Негизги темалар

  • Аңчылык чарбасын санариптештирүү
  • Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо
  • Жапайы жаныбарларды браконьерлерден коргоо чараларын катаалдаштыруу

Жыйындын максаты – аңчылык тармагында заманбап технологияларды колдонуу менен эффективдүү башкаруу жана жаратылыш ресурстарын сактоо саясатын күчөтүү болду.