Орусиянын Воронеж аймагында Wildberries маркетплейсинин логистикалык борборуна түнкү сааттарда кол салуу иштери болду. Бул тууралуу Рус кызматы Би-Би-Сига жана Wildberries компаниясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Губернатор Александр Гусевдин айтымында, 11-августка караган түнү Воронеж шаары жана аймактагы беш районго 15 дрон менен чабуул жасалган.

Кол салуудан улам Новоусман районунда 49 жаштагы эркек киши оор жаракат алып, ооруканада каза болду. Ошондой эле экөө жарадар болуп, ооруканада дарыланууда, алардын бири кол салуу болгон жерде, экинчиси логистикалык борбордун аймагында болгон.

Wildberries компаниясынын басма сөз кызматы коопсуздук талаптарына ылайык Воронеждеги логистикалык объектилери убактылуу эвакуацияланганын билдирди.

Дрондордон улам эки чоң кампада өрт чыкты. Анын бири басылып, экинчисин өчүрүү иштери уланууда.