Жалал-Абад облусунун мектеп мугалимдери арасында өткөн атайын сынактын жыйынтыгы боюнча, Сузак районундагы «Комсомол» орто мектебинин англис тили мугалими Айчүрөк Аулкасимова эң мыкты педагог деп табылды. Ал Гран-принин ээси болуп, Chevrolet Spark маркасындагы автоунаа утуп алды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдын демилгеси менен уюштурулган бул иш-чара 14–18-ноябрь күндөрү Манас шаарындагы №21 мектептин базасында өттү. Аймак тарыхында биринчи жолу өткөн бул мелдешке райондук жана шаардык этаптардан өтүп келген жалпы 101 мугалим катышты.

Жеңүүчүлөргө берилген акчалай сыйлыктар

150 000Базар-Коргон районунун жеңүүчүсү (сом)
100 000Ноокен районунун экинчи орунду ээси (сом)
50 000Үчүнчү орундагы мугалимдердин ар бири (сом)

Алдыңкы орундарды Базар-Коргон районунун Тешебай Исак уулу атындагы №35 мектебинин мугалими Гүлмайрам Темиркулова ээлеп, 150 миң сом алды. Ошондой эле, Ноокен районунун №4 мектебинин мугалими Саадат Алимбаева 100 миң сомду утуп алды. Үчүнчү орунду Манас шаарынын №25 мектебинен Гулкан Маматова жана Кара-Куль шаарынын №1 мектебинен Дилзат Узенканова бөлүштү, алардын ар бирине 50 миң сомдон берилди.

Сыйлоо аземинде өзгөчө көңүл педагогика тармагынын ардактуу эмгек чеберлерине да бурулду. Эмгек ветерандарына чет өлкөгө эс алууга жолдомолор берилсе, конкурстун жеңүүчүлөрү Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү.