Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги аймактарды көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. Текшерүү Малдыбаев көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки жана Жибек-Жолу проспектине чейинки аймакты камтыды.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы дарыянын жээгинде жайгашкан объектилердин курулуш уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Айбек Джунушалиев жөө басуучу аймактарды көрктөндүрүү иштери комплекстүү жүргүзүлүшү керектигин, буга чектеш аймактарды да кошуу керектигин баса белгиледи. Буга байланыштуу курулуш компанияларына иштерди ыкчам баштоо тапшырмасы берилди.







