Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахмат боюнча машыктыруучу Пайзилла Рахманов каза болду.
Ал 1955-жылы Лейлектеги Коргон айылында туулган.
Акыркы беш жыл бою Сүлүктү шаарындагы өспүрүмдөр спорт окуу жайында иштеп, көптөгөн райондук, республикандык жана эл аралык мелдештерде жеңишке жеткен окуучуларды даярдаган.












